Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Жамааттык коопсуздук келишим уюму машыгуу өткөрөт


БИШКЕК. 12-15-декабрь аралыгында Казакстан аймагында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн командалык штабдык машыгуусу өтөт. Ага даярдыктар менен таанышуу үчүн Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн Борбор Азия боюнча башкы командачысы Сергей Черномордин уюмдун Бишкектеги туруктуу штабына 8-декабрда келди. Черномордин Кыргызстанда болгон учурунда штабдын жалпы иш аракеттери менен таанышат. Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аскерий машыгуу Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерий даярдыктар боюнча биргелешкен планынын алкагында ишке ашат. Ага Кыргызстандан офицерлер тобу катышаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG