Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Кыргызстанда коррупцияга каршы жаңы система иштеп жатат


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюму 9-декабрды коррупцияга каршы күрөш күнү деп жарыяланган. Ага макулдук берген 48 мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар. Ошол эле учурда Кыргызстанды эл аралык уюмдар коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кошуп келатат. Жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында система иштеп жаткандыгын ушул эле күнү «Азаттыкка» берген интервьюсунда коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди. Катчынын айтымында, коррупцияга каршы улуттук агенттик түзүлгөнү турат. Бул агенттик мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, коррупцияны иликтөө өңдүү милдеттерди аткарат. Мындан тышкары мамлекеттин стратегиясынын алкагында жылдын аягына чейин президенттин жардыгы менен коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, комиссар дайындалмакчы. Бул система келерки жылдан тарта Кыргызстандагы коррупцияга каршы жасалма эмес, иш жүзүндө жүргүзүүнү шарттайт, деп билдирди коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов.

XS
SM
MD
LG