Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

НАРЫНДА КАЛЫҢ КАР ТҮШТҮ

Нарында 8-декабрда кар тынымсыз жаап, анын өлчөмү адистердин маалыматы боюнча айрым жерлерде жарым метрге жетти. Өрөөндүн жогорку алкымдарында жайгашкан айылдарга каттоо кыйындап, жергиликтүү маанидеги жолдорду күрөөгө жетишпей, жолчулар Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы Долон, Кызылбек ашууларын кардан арылтуу аракетинде.

8-декабрда күнү-түнү бою кар тынымсыз жаап, кечки саат жетилерде гана сейилдеди. Бирок 9-декабрда дагы аба ырайы өзгөрүлбөй, мезгил-мезгили менен кар жаап турду. Нарын гидромет бюросунун жетекчиси Анвар Иманбаев 9-декабрь күнү эртең мененки саат тогузга карата Нарын шаарында 35, ал эми Экинарын айылына жарым мерт кар түшкөндүгүн билдирди. Нарын облус губарнаторунун биринчи орунбасары Ишенбек Абдыгазиевдин айтымында, кар белгилүү гана аймакка жааган:

- Кар облустун бардык жеринде эмес, өзүнчө тилке болуп Долондон бери Тяншань районунун жээгинде, анан Кызылбелге чейин калың түштү. Бул чындыгын айтканда бизге көп кыйынчылыктарды алып келип атат.

- Долондо КамАЗ автоунаасы оодарылып, жол тосулуп калыптыр жана Кызылбелде дагы автоунаалар өтө албай жатат деген маалыматтар түшүп жатат.

- Ошол жерден өтө албай конуп-түнөп калган эч кандай автоунаа жок. Убактылуу күрөп, жол тазаланып аткан учурда кармалып аткан машиналар болуп атты. Азыр эки белде тең жумушчулар күрөктөрүн алып техникасы менен тазалап атышат. Техниканын жетишсиздиги бүгүнкү күнү дагы бир жолу көрүнүп турат.

- Ал эми ички айылдар аралык жолдордун абалы кандай болууда?

- Үлгүргөнүбүз шаардагы негизги жолдордун баарын тазалап атабыз. Эми кеңейип айылдарга өтүп атабыз. Айылдарда жеңил машиналар токтоп атат. Бирок негизиги байланыш үзүлгөн жок.

Бирок Нарын районундагы Кеңеш орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Жапанов окуучулардын райондук олимпиадасына жөө келгендиктерин айтат:

- 2005-жылдын 9-декабрында Нарында олимпиада болмок. Ошого келгенге жолго чыксак эч кандай машине жок. Кеңеш орто мектебинен 9 окуучу, 5 мугалим жөө келдик. Биз кайра кантип кетерибизди билбейбиз.
Куржундар
XS
SM
MD
LG