Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

КЫЗМАТ ООШУУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен март ыңкылаптын лидерлеринин бири, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору болуп иштеп келген Адам Закиров дайындалды. Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев президент Бакиевдин жогорудагы жарлыгын мурда макулдашылбаган күтүүсүз кадам катары баалады.

Кыска убакытка уюштурулган облустук жана шаардык активдин жыйынында премьер-министр Феликс Кулов облустун жетекчисин алмаштыруу боюнча президенттин жарлыгын окуп берип, мындай чечимдин себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Президенттин бул чечими Анвар Артыковдун башка кызматка өтүшү менен байланыштуу. Келе жаткан дүйшөмбүдө президент Артыков менен жолугуп, ага жаңы кызмат сунуш кылышы күтүлүүдө. Менимче, жолугушууда Анвар Артыковдун жаңы кызматкa өтүшү талкууланат.

Президенттин жарлыгын Анвар Артыков күтүлбөстүк менен кабыл алгандыгын белгилөө менен кызматтан кетип жаткан жетекчи катары жалпы жамааттан ыраазычылык сурады:

- Мен Кудайга миң жолу ыраазымын. Тагдыр Ошко алып келип, турмуштун, саясаттын оор маaлында силерге окшогон кишилер менен чогуу иштеп калдым. Бул менин өмүрүмдүн аягына чейин эске кала турган күндөр болуп кала берет.

Анткен менен Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев Артыковдун кызматтан бошотулушу күтүүсүз болгондугун айтуу менен президенттин мындай кадамын кадрдык калпыстык катары баалады:

- Күтүүсүздөн болуп калды, эл кандай ойдо экенин мен айта албайм. Эртеңден баштап Карасууда ыңкылапчылардын курултайы болот экен, ошол жерде талкуу болот.

Марттагы элдик ыңкылаптын катышуучуларынын бири Рахима Матраим кызы Анвар Артыковдун күтүүсүз кызматтан бошотулушун ыңкылапчыл саясатчыларга карата моралдык сокку уруу катары кабыл алгандыгын билдирди:

- Анвар Артыковдун ойдо жок жерден иштен алынышына ыңкылапчы катары мен өтө кыжалат болуп кеттим. Себеби ошондой кыйын учурда чындыгында Анвар Артыков элге жүрөгүн тосуп берип турду эле. Эртең эл өзүнүн баасын берет го деп ойлойм, бул нерсе ушул бойдон калып калбаса керек.

Жаңыдан дайындалган облустун губернатору Адам Закиров буга чейин Карасуу районунун акими, Ош технологиялык университетинин профессору жана президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору кызматтарында иштеп келген.

XS
SM
MD
LG