БИШКЕК. Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров жума күнү өкмөт үйүндө Бетти Ханан айым баштаган Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолукту. Анда куш тумоосуна каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга грант берүү маселеси тууралуу сөз болду. Сүйлөшүү учурунда Бетти Ханан айым Кыргызстандын аталган илдетке каршы күрөшүү боюнча программасы дүйнө коомчулугуна үлгү болуп калышы мүмкүндүгү тууралуу да белгиледи. Дүйнөлүк банктын миссиясы Кыргызстанга куш тумоосунун алдын алууну камсыздоо боюнча долбоорго даярдыктарды көрүү максатында өткөн айдын соңунда келген. Бул тууралуу 10-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Адистердин айтымында, куш ылаңы Кыргызстанда каттала элек, бирок анын пайда болуу коркунучу жок эмес.