Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Эдил Байсалов УКК төрагасынын кызматтан кетишин талап кылды


БИШКЕК. Адам укугун коргоонун эларалык күнүнө арналып, улуттук филармонияда өткөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевдин кызматтан токтоосуз кетүүсүн талап кылды. Акыркы убактагы саясий киши өлтүрүүлөр, абактарда түзүлгөн кырдаал, бул окуялардан кийинки коомчулуктагы чыңалуулар жана улуттук коопсуздук кызматынын калк арасында беделинин төмөндөшү үчүн бул кызмат төрагасы моралдык жана саясий жоопкерчилик тартышы керек, деп белгиледи Эдил Байсалов. Мындан сырткары ал конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү зарылдыгын, президент Курманбек Бакиев элдин ишенимин жоготпошу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG