Шаршемби күнү тарых музейинде кыргыздын улуттук кийимдерин чагылдырган көргөзмө ачылды. Ага келген көрүүчүлөр кыргыз улуттук кийимдеринин тарыхы, көрктүүлүгү, кооздугу, бай жасалгалоосу менен таанышышты. Аталган көргөзмө Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин казынасына хх кылымдын 20-жылдарынан тартып жыйналып келе жаткан коллекциясынын негизинде түзүлүп, белгилүү сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү жана атактуу артистердин театралдык костюмдары менен толукталды.
Музейдин кызматкери Назира Молдоева этнографиялык коллекцияларды чогултууда Клавдия Антипинанын эмгеги зор, себеби ал бардык региондордо болуп, улуттук кийимдерди чогултуу менен бизге этногафиялык баалуу булак катары калтырып кетти, ошону менен бирге музейдин кызматкерлери да көмөктөштү дейт.
- Өзүбүздүн музейдин кызматкерлери да Мургаб, Жергеталга чейин барып, кыргыздар кийген салттуу кийимдерди алып келишкен. Мындай чоң көргөзмө биринчи жолу ачылып жатат.
***
Залкар акын Жеңижоктун 145 жылдыгы 7-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде белгиленди. Салтанатта “Жеңижоктун толук басылып чыккан жыйнагынын бет ачары болду. Кечеде залкар акындын көркөм мурастарын элге жеткирүүдө өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга “Сырдана” коомдук бирикмесинин “Алтын китеп” номинациясы ыйгарылды. Ал эми Жеңижоктун чыгармаларын изилдеп жыйнап жүргөн акын, жазуучу, Жалалабад облустук жазуучулар союзунун төрагасы Асанбай Жусупбековго “Аксы районунун ардактуу атуулу” деген наам ыйгарылды.
***
Бейшембиде Бишкекте “21-кылым – Евразиялык мейкиндикте маданияттар аралык диалогдун жана рухий кайра жаралуунун кылымы” деп аталган эл аралык форум ачылды. Ал Кыргызстанда Россиянын билим берүүсүнүн 125жылдыгына арналды. Ага Россия Федерациясынан келген илимпоздор жана Кыргызстандын билим берүү, маданият тармагынын өкүлдөрү катышышты. Форумда өлкө башчысы Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы алгачкы орус тилиндеги мектептеринин ачылыш тарыхына кайрылуу менен ал аркылуу кыргыз интелегенциясынын калыптанганын айтып өттү. Форумдун катышуучулары үчүн улуттук китепканада биздин өлкөдө жарык көргөн орус адабияттарынын көргөзмөсү уюштурулду. Ушул эле күнү форумдун алкагында Бишкек шаарынын кинотеатрларында “Мосфильмдин” Кыргызстандагы киножумалыгы ачылды.
***
Аталып өткөн маданий окуялар менен катар эле Кожомкул атындагы спорт ордосунда бийчилердин экинчи шаардык фестивалы өттү. Аталган фестивалга 100дөн ашуун мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, борборубуздагы бий топторунун таланттуу бийичилери катышышты.
***
“Оймо” студиясы тарабынан тартылган “Байпак түшү” мультфилими Казакстанда өткөн эл аралык “Шакен жылдыздары” аттуу кинофестивалга катышып келди. Бул фестивалдын катышуучусу режисер Айбек Дайырбеков Москвада өтүүчү кинофорумга сапар алды.
***
Жума соңунда Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланган “21-кылымдын жылдыздары” атттуу чоң программадагы концерт өттү. Эки күнгө созулган бул концерттке 80 чыгармачыл адам катышып, баардык артисттер дует, трио жана квартет менен ырдашты.
Жылда жаңы-жыл майрамын утурлап өткөн бул концерттин уюштуруучусу Сагын Ниязалиева концерт туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:
- Быйыл бул концертти сегизинчи жолу өткөрүп жатабыз. Жылдын жыйынтык концертин өткөрүүнүн максаты - ырчылардын жыл ичиндеги жетишкендигин элге тааныштыруу.
Ал эми “Айкөл” тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыров жаш таланттарды элге тааныштырууда бул концерттин мааниси чон деген оюн билдирди:
- Жаңы чыгып келе жаткан көпчүлук өнөрпоздор ушул “21-кылымдын жылдыздары” деген программадан таанылышат жана элибизге болгон калоо-тилектерин айтышат.
Концерттин жүрүшүндө “Жылдын мыкты ыры”, “21-кылымдын жылдызы” деген номинациялар ыйгарылды. Ал эми бул номинацияга ээ болгон жети ырчынын арасында Кенже Кубатова менен Кутман Жолдошовдун да ысымдары аталды.