Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Чиновниктердин квартиралары казынага кайтарылышы ыктымал


БИШКЕК. Ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп келген 16 адамдын Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен алган квартирасы кайра бюджетке кайтарылышы ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурадан шаардык кеңешке кайрылуу келип түштү. Бул маалыматты шаардык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби комитетинин жетекчиси Абдыгул Чотбаев “Азаттыкка” 11-декабрда тастыктады. Эскерте кетели, Аскар Акаевдин тушунда 2001-2004-жылдары Бишкек шаарынын эсебинен бир катар мамлекеттик кызматкерлерге берилген квартираларды кайра шаардык бюджетке кайтаруу маселесин шаардык кеңеш көтөрүп чыккан. Шаардык бюджеттин эсебинен квартира алган мамлекеттик чиновниктердин катарында Болот Жанузаков, Эсен Топоев, Абдыганы Эркебаев жана башка бир катар аткаруу бийлигинде иштеген адамдар бар. Бирок Болот Жанузаков буга чейин “Азаттыкка” квартираны ал көп жылдар бою кезекте туруп алганын жана жарым акчасын өзү төлөгөндүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG