Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Иракта коопсуздук чаралары күчөдү


15-декабрда боло турган парламенттик шайлоо алдында Иракта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 11-декабрдагы маалымат жыйынындагы Ирактын ички иштер министри Баян Бакер Солахтын билдирүүсүнө караганда, алдыдагы беш күн майрам деп аталып, коменданттык саат киргизилди жана курал кармап жүрүүгө тыюу салынды. Шейшемби күндөн жума күнгө чейин чек ара, аба майдандары жабылат. Ал эми “Акыйкаттын кылычы” деп өздөрүн атаган топ барымтага кармап кеткен батыштык төрт атуулдун тагдыры белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG