Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

ЭЛТР-коомдук телевидениеси ачылат


БИШКЕК. Көз карандысыз обьективдүү маалыматтар, маданият жана балдар үчүн берүүлөр, көңүл ачуучу программалар менен калкты камсыз кылуу багытында “Ош-3000” телерадио компаниясынын базасында “ЭЛТР-коомдук телевидениесин” түзүү боюнча жарлыкка президент Курманбек Бакиев 10-декабрда кол койду. Ал эми 12-декабрдагы өлкө башчысынын буйругуна ылайык Талант Орозов Жалалабад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми Токтогул районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Ыманберди Досбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG