Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууда кемчиликтер бар


БИШКЕК. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосунда Кыргызстандын аймагындагы 360 айылды таза суу менен камсыз кылуу долбоору начар жүргүзүлүүдө. Айрым айыл өкмөттөрү аталган долбоорго 5% акча каражатын төлөгөнү менен долбоорго ылайык тиешелүү акча каражаттарын ала алышпай жүрүшөт. Таза суунун жетишсиздигинен 8 жыл аралыгында өлкө аймагында 12 миң 150 адам ич келте оорусуна чалдыккан. Бул тууралуу 12-декабрда таза суу маселеси талкууланган Өкмөттүн жыйынында айтылды.

Кыргыз өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкы 2001-жылдан 2006-жылга чейин 360 айылды таза суу менен камсыз кылууга байланыштуу 36 млн. доллар көлөмүндөгү долбоорго жана 2002-жылы Дүйнөлүк банк менен 15 млн. доллар өлчөмүндө “Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу ” долбоору боюнча кредиттик келишимге кол койгон. Аталган долбоорлордун жалпы суммасы 70 млн. долларды түзөт. Ал эми бул долбоор менен учурда 219 айыл таза суу менен камсыз болгон.

XS
SM
MD
LG