Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Кыргыз-өзбек чекарасында жаракат алган Жаладиндин абалы оор


БИШКЕК. 11-декабрда Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын чегарасындагы окуя боюнча эки тараптуу оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен катар Фергана аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жапа чеккен адамдын автоунаасын текшергенде аткезчилик жол менен алып бараткан 30 миң сомдук эл керектөөчү товарлар табылган. Бул тууралуу Чегара кызматынын басма сөз кызматынан 12-декабрда билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, чегардагы окуя 11-декабрда эртең мененки саат 11лерде болгон. Кыргызстандын атуулу Жаладин Мурзаюнусов “Дэу-Некси” автоунасы менен Чекелик айылынан Өзбекстандын Вуадиль айылына өтүп баратканда Өзбекстандын чегарачыларынын талаптарын аткарган эмес. Чегарадан 150 метрдей өтүп Өзбекстандын аймагына киргенде, Өзбекстандын чегарачысы кенже сержант Дилемат Бекмурзаев эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, андан соң автоунаны аткан. Жыйынтыгында 40 жаштагы Жаладин Мурзаюнусов башынан оор жаракат алып “Вуадиль” райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Учурда анын абалы оор.

XS
SM
MD
LG