Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Экс-президент А. Акаев саясий жоопко тартылыш керек


Бишкек. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев өлкөдө ушул күнгө чейин уланып жаткан саясий кырдаал үчүн жоопко тартылышы керек. Мындай пикирин 12-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров парламентте берген пресс-конференцияда билдирди. Ал белгилегендей, Аскар Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү мүлктү иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча сот чечими чыгарылмайынча, өлкөдөгү мүлктү кайра бөлүштүрүүгө мораторий жарыялоо зарыл. Депутат өлкөдөгү саясий кырдаал курч болуп тургандыгын да белгиледи. Анын көз карашында Кыргызстанда келечекте мамлекеттик башкаруунун кандай ыкмасы боло тургандыгы референдум аркылуу аныкталышы керек жана бул маселе боюнча бүткүл элдик добуш берүү келээрки жылдын март айына чейин өткөрүлүүгө тийиш. Азимбек Бекназаров ошондой эле ал баш прокурор болуп иштеп турган кезде ири өлчөмдөгү параларды алган деген маалыматтарды четке какты.

XS
SM
MD
LG