Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

«Инвест Медиа» мыйзамдуу аракеттерди көрүүдө


Бишкек. «Пирамиданын» тегерегинде түзүлгөн кырдаал негизсиз түрдө саясатташтырылып жатат. Телеканалдын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга, «Инвест Медиа» жоопкерчилиги чектелген коомуна Максим Бакиевдин, Айдар Акаевдин, деги эле бийликтин өкүлдөрүнүн тиешеси жок. Бул тууралуу «Инвест Медиа» жоопкерчилиги чектелген коомунун юридикалык кеңешчиси Илларион Адамян жана аткаруучу директору Султан Курманбаев «Акипресс» агенттигинде 12-декабрда билдиришти. Алар белгилешкендей, «Медиаинвест» «Пирамиданын» акцияларынын 50 пайызына ээ, ошондуктан, жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан телеканалдын имаратын басып алуу аракети болгон эмес. «Медиаинвесттин» өкүлдөрү ошондой эле «Пирамиданын» берүүлөрүн өзгөртүү боюнча пландары жок экендигин маалымдашты. И. Адамян билдиргендей, «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын жана «Инвест медиа» коомунун менчик ээси «Инвест-Стелл» аттуу компания болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG