Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Австралияда улут аралык араздашуу чыкты.


Австралиядагы абал тынчый баштады. Кечээ күнү Сидней шаарында ак жаштар өлкөнүн араб тургундарына каршы чыгып, бир топ баш аламандык болгон. Полициянын айтымында, отузга жакын адам жараат алды жана 14 жигит кармалды. Австралиянын премьер-министри Жон Говарддын айтымында, бул чатактын артында расизм жатканына ал ишенбейт: "Биздин өлкөдө расизм күч алды дегенди мен кабыл ала албайм. Биздин Австралия элибиздин мүнөзүн мен оң баалайм, акыркы 40 жыл ичинде биз дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн миллиондогон адамды кабыл алдык жана алар биздин коомго ийгиликтүү кошулду", - деди премьер. Говарддын айтымында, өлкөдө исламдык экстремизм күчөп баратат деген өкмөттүк билдирүүлөр бул чатакка себеп болду деген маалыматты да четке кагыш керек.

XS
SM
MD
LG