АСЕАНга он өлкө - Бруней,Камбоджа,Индонезия,Лаос,Малайзия,Мьянма, Филиппин,Сингапур,Таиланд жана Вьетнам кирет. Шаршембиге пландалып жаткан Чыгыш Азия саммитине булардан тышкары региондо геосаясий жактан олуттуу салмагы бар алты өлкөнүн – Кытай,Индия,Япония,Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея лидерлери катышат. АСЕАНдын баш катчысы Онг Кенг Ионг саммитте регионалдык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрү карала турганын айтты.
Айрым эксперттер бул жолугушууну АСЕАН региондогу айрым айдаркан оюнчулардын позицияларын өзгөртүү үчүн пайдалангысы келип жатканын белгилешет. Чыгыш Азия саммитинин идеясы, бери эле дегенде АСЕАН үчүн Кытай,Индия,Япония жана башка өлкөлөрдүн тышкы саясаттагы кызыкчылыктарын теңдештирүүдө турат, дейт сингапурлук аналитик Хиро Касумата. Гонконгдогу экономикалык жана саясий кризистер боюнча консультациялык топтун өкүлү Роберт Броадфут уюмга кирген өлкөлөр үчүн мамилелердин кандай түрү оңтойлуу экени сыналып,текшерилип жатканын белгилеп, он жылдан соң жаңы аталыштагы уюмдар пайда болуп калышы ыктымал экенин да жокко чыгарган жок.
Чыгыш Азия саммити тууралуу идеяны 1991-жылы Малайзиянын ошо кездеги премьери Мохамад Махатир сунуш кылган эле. Ага Кытай,Япония жана Түштүк Кореяны киргизип, АКШны кошкон эмес. Бирок буга Сингапур жана Индонезия макул болбой, дагы үч өлкөнү – Австралияны,Жаңы Зеландия менен Индияны чакырышкан. Махатхир өткөн аптада эле Австралия менен Жаңы Зеландияны “не Чыгышка кирбеген, не азиялыктарга кошулбаган өлкөлөр” атап,алардын саммитке чакырылганын сынга алган болчу. Буга Кытайдын да ичи чыкпады дешет. Ырасмий Бэйжин Австралияны,Жаңы Зеландияны жана Индияны Япония менен АКШга ыктаган өлкөлөр деп эсептейт. Эксперттердин апаздарына караганда,Кытай менен Япониянын айрымалуу позициялары региондо өздөрүн өңчөй азиялык эсептеген күчтүү бирикме түзүү идеясын иритип коюшу мүмкүн.