Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Гаага трибуналы Милошевичке алты жума тыныгуу берди


Улуттар Уюмунун согуш кылмышкерлери боюнча Гаагадагы трибуналы мурдакы Югославиянын президенти Слободан Милошевич ден соолугун бекемдеп алуусу үчүн сотту алты жума кийинге калтырды.
Соттун билдиришинче, Милоевичтин Москвага барып дарыланып келүүгө уруксат суроосу сот үчүн күтүүсүз болгон. Милошевичтин ден соолугуна байланыштуу убактылуу бошотуу жөнүндөгү буга чейинки өтүнүчү четке кагылган.
Милошевич эл аралык сотко 1990-жылдардагы Косоводогу, Босниядагы жана Хорватиядагы согуш маалында жасалган 66 кылмыш иши боюнча сурак берүүдө.

XS
SM
MD
LG