Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Амур дарыясынын ууланышы эки тараптуу кездешүүдө талкууланды

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын премьери Вен Дзябао Куала-Лумпурда жолугушуп, Сунгари дарыясына агып кетип, Орусиянын чек арасына чукулдап калган миңдеген тонна бензолдун тегерегиндеги кырдаалды талкуулашты. Куала-Лумпурда өткөн жолугушуудан кийин Путин: “Кытайдын премьери экөөбүз Амур дарыясынын булганышын талкуулап, айлана-чөйрөнү коргоодо биргелешип аракеттенүүнү макулдаштык”, - деп билдирди. Кытайдын өкмөт башчысы 13-ноябрда химиялык заводдогу кырсыктан улам эки өлкөнү экологиялык алааматка кептеген окуя үчүн өкүнүп турганын белгиледи.
XS
SM
MD
LG