Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

Иракта чыгаан саясатчыны атып кетишти


Иракта сунни араптардын алдыңкы саясатчысын белгисиз адамдар атып кетишти. Полиция Мизхар ал-Дулайми парламенттик шайлоо кампаниясын жүргүзүп жаткан жеринен окко кабылганын билдирди. Шайлоого эки күн калганда Ирактын президенти Жалал Талабани экинчи мөөнөткө калууну каалабай турганын билдирди. Өткөн түнү жарыяланган билдирүүдө Талабани жаңы конституция боюнча Ирактын президенти мамлекетти түздөн түз башкара албай турганын белгилеп, протоколдук жетекчи болууга кызыкпай турганын маалымдаган. Иракта ушул бейшембиде парламенттик шайлоо болот, жаңы депутаттар өлкө президентин дайындашат.

XS
SM
MD
LG