Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

Бишкек шаардык бюджетинин долбоору иштелип чыкты


БИШКЕК. 13-декабрда Бишкек шаардык мэриясы “2006-Каржы жылына бюджеттин долбоорун” коомдук угууга сунуштап, шаар бюджетинин долбоорун түздү. Анда шаардын келээрки жылдагы бюджети үчүн 1млрд 550 миң сом каралды. Бюджеттин негизги бөлүгү, тактап айтканда 62,8 пайызы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына жана социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Ошондой эле Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери үчүн үч айда бир берилүүчү жөлөк пулду 750 сомго жеткирүү, коммуналдык кызматка берилүүчү каражатты 100 пайыз камсыздоо каралган. Буга чейин коммуналдык кызматка кекректелүүчү сумманын 60 пайызы гана бөлүнүп келген. Коомдук угуудагы пикир, сунуштар эске алынып Бишкек шаар бюджетинин долбоору Каржы министрлигине сунушталып, Жогорку Кеңеште каралат.

XS
SM
MD
LG