Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Айыл өкмөттөрүн шайлоого даярдыктар көрүлүүдө


БИШКЕК. 18-декабрда өлкө аймагындагы 472 айыл өкмөтүнүн 369да жана аймактык деңгээлдеги 11 шаар башкармалыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого 1391 шайлоо участоктору жана шайлоо комиссиялары түзүлдү. 8-декабрда шайлоо бюллетендери даярдалып бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан 13-декабрда билдиришти.
23-ноябрдан бери талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 369 айыл өкмөтүнө 1551 талапкер ат салышууда. Алардын 126сы аял.
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого элчилик, эл аралык уюмдардан байкоочуларды катышууга чакыруу жолдогон.

XS
SM
MD
LG