Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

“Ареопагдын” документтери азыркы бийликтин колунда


БИШКЕК. "Пирамиданын" эмгек жамааты менен жолугушууга келген Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков өткөн жылы жазында мурдагы бийлик күч менен "Пирамиданын" президенти Адыл Бийназаровду компаниянын 50% акциясын “Ареопаг-Бишкек” компаниясына саттырганын эскертти. Депутат Кубатбек Байболов мурдагы бийликтин схемасы дале иштеп жатканын белгиледи. “Пирамиданын” баш редактору Ирина Чернявская июнь айында “Ареопаг” компаниясы боюнча маанилүү документтер Адахан Мадумаровдун жеке өзүнө берилгенин айтты. Мадумаров болсо ал документтерди мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Акаевдин үй бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү иликтөө комиссиясынын төрагасы Данияр Үсөновго бергенин билдирди. Ал ошондой эле “Пирамида” жана “Медиа-Инвесттин” жамаатын маселени саясатташтырбай сот аркылуу чечүүгө, ынтымакка келүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG