Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

ЖК төрагасы Эл аралык валюта корунун ишин сынга алды


БИШКЕК. 14-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Майкл Меред менен жолугушту. Анда негизинен аталган уюм менен Кыргызстандын кызматташуусуна байланышкан маселелер талкууланды. Майкл Меред өз сөзүндө Кыргызстан Эл аралык валюта корунун программаларынын алкагында жетишкен экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Ал эми Өмүрбек Текебаев Кыргызстан эл аралык валюта кору менен кызматташуу жылдарында алгылыктуу натыйжага жетише албаганын белгилеп, Эл аралык валюта кору менен өкмөт экономикалык эң сонун көрсөткүчтөрдү жазып көрсөткөнү менен чыныгы турмушта көзгө көрүнөөрлүк экономикалык өсүү жана жакырчылыктын кыскарышы байкалган жок деп айтты.

XS
SM
MD
LG