БАТКЕН. 12- декабрь күнү кечинде саат 10.30да Баткен облусундагы “Кызылкыя” чек ара бекетинин “Пальман” өткөрмө бекетине Өзбекстан тараптан жыйырмада адам келип, аталган чек ара бекетин алып салуу талабын коюшкан. Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин маалымат кызматы билдиргенге караганда, өзбекстандык атуулдар мас абалында болушкан. Алар үйлөрдү аралап кыргыз аймагына өтүп, чек арачылардын вагонуна таш ыргыта башташкан. Кыргызстан чек арачылары тараптан болгон эскертүүлөр кырдаалды өзгөрткөн эмес. Прапорщик Асан Тажибаев асманга ок аткандан кийин гана алар туш тарапка качып кетишкен.