Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Грозный Ахмадкалага айланат


Чеченстандагы орус аскерлери жана алардын чечен тарапкерлери акыркы күндөрү республиканын Ачхой-Мартан районунда коопсуздук иш-чараларын уюштуруп, анын жүрүшүндө эки согушгер кармалганын кабарлоодо. Маалыматка караганда, кармалгандардын бирөөсү жаштарды куралдуу топторго тартуу, аларды жетектөө багытында иш жүргүзгөн. Рейддин учурунда ошондой эле курал-жарак сакталган эки жай табылган. Алты жылдан бери экинчи чечен согушу жүрүүдө.Чеченстандан дагы бир кабар жаңыдан шайланган республиканын парламенти Чеченстан борбору Грозныйдын атын өзгөртүп, аны республиканын мурунку президенти Ахмад Кадыровдун атына Ахмадкала деп атоону сунуш кылууда. Белгилей кетүүчү нерсе, чечен жикчилдери Грозныйды мурда эле Жохаркала деп атап алышкан.

XS
SM
MD
LG