Казакстан оппозициясынын лидерлеринин бири Галымжан Жакиянов абактан чыга турган болду. Жакияновдун жубайынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Екибастуз шаардык соту Жакияновду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу чечимин кабыл алды жана ал чечим он күндөн кийин күчүнө кирет.Галымжан Жакиянов 2001-жылы Казакстан демократиялык тандоосу партиясын түзгөн. Бир жылдан кийин Павлодар облусунда губернатор кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, жети жылга кесилген. 2004-жылы анын партиясына тыюу салынган. Бирок Жакиянов жана анын тарапкерлери “Адилет Казакстан үчүн” оппозиция коалициясына кошулган.