15-декабрда Иракта парламенттик шайлоо болот. 15 миллион калкы бар өлкө Саддам Хусейин кулагандан бери алгачкы ирет парламентин шайлайт. Коопсуздукка байланыштуу мектептер, дүкөндөр жана башка мекемелер жабылган. Полиция жолдорду жаап, аба майдандарынын иши токтотулган. Бирок буга карабай өлкөдө террордук чабуулдар орун алууда. Мосулда бүгүн бомба жарылышынан эки полиция каза болсо, кечээ күнкү террордук жардыруудан америкалык төрт аскер каза болгон. Ошондой эле суннит-араб талапкерге кол салуу болду. Төрт жылга шайлана турган Ирак парламенти 275 депутаттык орундан турат.