Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Иран президенти Холокосту миф деп атады


Иран президенти Махмуд Ахмединежад Холокосту миф катары баалап, Израилди Европа, Канада, же АКШга көчүрүп кетүүнү кайрадан сунуштады. Иран президенти мындай сөздү өлкөнүн түштүгүндөгү Систан-Белужистан аймагында миңдеген адамдар катышкан жыйында айтты. Иран президенти буга чейин да Израил мамлекетине каршы сөздөрдү айтып чыкканда, эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү аны айыпташкан. Израилдин өкүлү Иран президенттинин жаңы сөзүн “экстремисттик” катары баалады.

XS
SM
MD
LG