Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:44

ПУТИН ОРУСИЯДА ЧЕТ-ӨЛКӨЛҮК БАНКТАРДЫН ИШТЕШИНЕ КАРШЫ


Төрөкул Дооров, Москва. 15-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Новосибирскте банкирлер менен жолукту. Сүйлөшүү учурунда президент чет-өлкөлүк банктар Орусиянын аймагында өздөрүнүн бөлүмдөрүн ачышына каршы экенин билдирди. Аналитиктер анын сөздөрү Дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын мүчө болуп кирүүсүнө тоскоол боло турган негизги себептердин бири болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Владимир Путин Малайзиядан тууру эле Новосибирскке келди. Бул учурда Новосибирскте 15 градус суук болчу. Президент ал жерде өлкөнүн банк системасынын иши боюнча чоң жыйын өткөрдү.

Анан чет-өлкөлүк банктардын Орусиядагы иши тууралуу сөз козголгондо Путин банкирлерге «Чет-өлкөлүк банктар Орусияда филиалдарын ачышы керекпи жокпу?» деген суроо берди. Анан орусиялык банктардын Ассоциациясынын президенти Гарегин Тосунян туруп, буга караманча-каршы экенин билдирди.

- Чет-өлкөлүк банктардын филиалдарын Орусияга киргизбеш керек деп ишенебиз. Биздин бул пикирибизди жумурияттагы банктардын көпчүлүк бөлүгү колдоп жатат. Мунун мааниси «биз жашынып атабыз» дегенди түшүдүрбөйт, тетирисинче, азыр деле орусиялык банк системасы жетишээрлик деңгээлде либералдуу дегенди билдирет. Ушу тапта бизде 100% чет-өлкөлүк капиталы менен иштеген 38 банк бар, ал эми жарым жартылай чет-өлкөлүк акча менен дагы 100дөн ашуун банк иштеп жатат, - деди орусиялык банктардын Ассоциациясынын президенти Гарегин Тосунян.

Анын айткандарын өлкөнүн президенти да колдоп чыкты.

- Билесиздерби, мен сиздерге айтып коеюн: Орусиянын өкмөтү банктык коомчулуктун чечимин колдойт. Орусияда чет-өлкөлүк банктардын ишине чектөөлөр коюлушу керек. Чын-чынына келгенде, алардын ишине тыйуу салынышы зарыл, - деди Путин.

Президенттин айтымында, буга чет-өлкөлүк жана орусиялык банктардын ортосундагы атаандаштык эле эмес, акчанын кайдан келип, кайда кетип жатканын билүү татаал болуп жатканы да себеп болуп жатат. «Анын үстүнө, бул терроризмге каршы күрөш менен да, Орусиядан криминалдык жолдор менен табылган акчаны мыйзамдаштыруу өңдүү былык иштерге чектөө коюу менен да байланыштуу» деди Путин.

Анткен менен азырынча көптөгөн аналитиктер орус президентинин айткандарын толук түшүнүү мүмкүн болбой жатканын айтышууда. Анткени кайсыл деңгээлде чет-өлкөлүк банктарга чектөө коюлаары, кандай банктарды «чет-өлкөлүк» деп таануу зарыл экендиги белгисиз. Айта кетели, орус жергесинде иштеп жаткан көптөгөн жергиликтүү банктар түрдүү деңгээлде чет-өлкөлүк акча менен түзүлгөн.

Путиндин билдирүүсүндө «чет-элдик банктарга чектөө коюунун себептеринин бири - өлкөдө кылмыштуу жолдор менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга тыйуу салуу менен байланыштуу. Бул боюнча орусиялык көз-карандысыз аналитик Юрий Ханжин «Азаттыкка» буларды билдирди.

- Чынында, кылмыштуу жолдор менен табылган акчаны мыйзамдаштыруу аракетине жергиликтүү банктар да өтө күчтүү киришкени белгилүү. Ал эми өздөрүнүн абройун алдыңкы орунга коюп жаткан швейцариялык же америкалык банктар буга дегеле жакын барышпайт. Тетирисинче, дал ушул чет-өлкөлүк банктардын көпчүлүгү орусиялык банк системасынын жана каржы дүйнөсүнүн криминалдык мүнөзүн эске алып, азырга чейин бизге келбей жатышат.

Кантсе да, серепчилердин көпчүлүгү президенттин билдирүүсүн өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк алышына тоскоол болчу жагдай катарында кабыл алышты. Анткени аталган уюм Орусия чет-элдик банктарга өзүндө кеңири иштөөгө шарт түзүп бериши керек деген талап коюп келген.
XS
SM
MD
LG