Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Европа Биримдигинин саммити башталды


Брюсселде Европа Биримдигине кирген 25 өлкөнүн эки күндүк саммити башталды. Анда Биримдиктин жакынкы жылдарга бюджети талкууланат. Саммиттин алдында бир катар өлкөлөр Биримдиктин азыркы төрагасы Британия сунуштаган бюджет долбоорун четке какты. Анда Лондон Биримдиктин жаңы 10 мүчөсүнө жардамды кыскартууну сунуштаган. Германия тышкы иштер министри бюджет боюнча орток пикир табылаарына ишеничин билдирүүдө. Саммитте ошондой эле Македониянын Биримдикке мүчөлүккө талапкерлиги жактырылышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG