Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Ош шаарында көз карандысыз Пирамида телеканалын колдоо акциясы башталды


ОШ. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын алдында “Сөз эркиндиги жана Пирамида телеканалынын эркиндиги үчүн” деген ураандын алдында атуулдардан колун топтоо акциясы башталды. Аталган акция Пирамида Ош телеканалынын журналисттери жана бир катар бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулууда. Телеканалдын журналистти Бегайым Садыкова телекомпаниянын упайларынын Медиа инвест жоопкерчилиги чектелген коомуна сатылышына каршы экендиктерин билдирүү максатында ушундай аталыштагы акцияны уюштурууга мажбур болгондуктарын билдирди. Пирамида Ош телеканалынын жооптуу кызматкери Мамыр Абдуллаев телекомпаниянын эркиндигин сактап калуу боюнча үн кошууга кечки саат төрткө карата эле бир жарым миң атуулдун колу топтолгондугун кабарлады.

XS
SM
MD
LG