Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Аскар Акаев Москва университетинде алгачкы лекциясын окуду


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде «Математикалык эсептин негизинде экономикалык циклди талдоо» деген темада алгач ирет дарс окуганын бейшембиде Орусиянын эл аралык «Новости» агенттиги кабарлады. Аталган агенттикке берген маегинде Аскар Акаев мындай доклад жасоо менен кесипкөй илимий кызматкердин денгээлин сактап калганын көргөзгүсү келгенин, алдыда жакыр өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн экономикалык негизи туурасында китеп жазуу ниети бар экенин билдирген. Ошондой эле илимий иштер менен алектенүү ага зор канааттануу алып келээрин белгилеген.

Ушул жылдын 24-мартындагы ыңкылаптан улам өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы кыргыз президенти Аскар Акаев сентябрь айынан бери Москва маммлекеттик университетинин алдындагы математикалык татаал изилдөөлөр институтунда профессор катары эмгектенүүдө. Ал жаны жылдан тарта аталган окуу жайдын студенттери жана аспиранттары үчүн сабак бере баштаарын да айткан.

XS
SM
MD
LG