Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Боснияда Сребреницадагы канабайрамдын уюштуруучулары соттолуда


Босниянын согуш кылмыштары боюнча атайын трибуналы 11 киши 1995-жылы Сребреница шаарчасында болгон кызыл кыргынга байланыштуу айыпталып жатканын билдирди. Айыпкерлердин ысмы маалымдалбады.
Береги калабада 8 миңге жакын мусулман эркек жана бала өлтүрүлгөн.
Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту канабайрамга байланыштуу 6 кишини жоопко тартты. Бул иш боюнча мурдакы Югославиянын президенти Слободан Милошевич башындагы 10 айыпталуучунун соту али бүтө элек.
Кызыл кыргынды Босния сербдеринин башчысы Радован Каражич жана аскер башчы Ратко Младич уюштурган. Алар азыр соттон качып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG