Кечээ Иракта парламенттик шайлоо болду. Борбордук шайлоо комиссиясы калк шайлоого мурдакы эки шайлоодого салыштырганда көп катышканын маалымдады. Саясый өнөктүктү Кошмо Штаттары менен Британия “тарыхый окуя” деп аташты. Шайлоо, НАТОнун башкатчысы, генерал Яаап Хооп Ckeффердин сөзүнчө, “Ирактын биримдикте жана тынчтыкта жашоосуна олуттуу салым кошот”. Россия да шайлоону оң жышаан катары баалап, Москва Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташа турганын билдирди.