БИШКЕК. 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык реформага байланышкан маселелерди талкуулоо кийинкиге жылдырылды. Палатада кворум болгон жок. Ал эми парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаев баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча президент Курманбек Бакиев ушул күндөрү саясий партиялар, ишкерлер менен жолугушуп жактандыгына байланыштуу Конституциялык реформага байланыштуу маселелерди парламентте талкуулоо кийинки аптага жылдырылгандыгы да максатка ылайык деген пикирин айтты. Анын мындай көз карашын көпчүлүк депутаттар колдошту. Президент 17-декабрда саясий партиялар менен жолугушат. Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын долбоору, өлкөдөгү Конституциялык реформага байланышкан маселелер дүйшөмбү күнү талкууланмакчы.