Шаркет Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын Холокост жана Израиль жөнүндөгү комментарийлерин айыптаган резолюция кабыл алат деп күтүлүүдө. Ахмадинежад Холокст – бул миф, жөөт мамлекети болсо Европа же Түндүк Африкага көчүрүлүшү керек деп жакында айткан эле.
Ирандын ички иштер министри бүгүн билдиргендей, Ахмадинежаддын сөздөрүн Батышта туура эмес түшүнүп алышты. Бирок өлкөнүн тышкы иштер министри президенттин чакырыгы Ирандын саясатын билдирет деди.
Евробиримдиктин бүгүнкү жыйынында Британия 2007-2013-жылдар үчүн бюджеттин жаңы вариантын сунуш кылды. Мурдагы эки долбоор тең кескин сынга кабылган. Британия агрардык субсидиялар системасын өзгөртүүнү жана шаркеттин жаңы мүчөлөрүнө финансылык жардам көрсөтүүнүн көлөмдөрүн кыскартууну талап кылууда. Бирок бул сунуштар колдоо тапкан жок.