Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва. «Бител» үчүн күрөш, «Пирамида» үстүндөгү жаңжал апта бою орусиялык гезиттерде талкууга алынган негизги темалардан болду. Андан сырткары, Кыргызстанда америкалык аскерий базага жана экс-президент Аскар Акаевге тиешелүү маалыматтар берилди.

: Кыргызстандагы уюлдук телефон кызматын көрсөтүп келаткан негизги компания «Бителдин» айланасындагы чуулгандуу окуялар бул жолу орус гезиттеринин көпчүлүгүнүн көңүлүн бурду. Анткени бул окуяда «Бител» үчүн күрөшүп жаткан эки тарап тең орусиялык ири телекоммуникациялык компанияларга караштуу. Жума күнкү санында «Московские новости» азыркы кырдаалды «Кыргыз байланыш базарына ээлик кылууну каалашкан эки компаниянын ортосундагы согуштун башталышы» катарында баалады.

Орусиялык компаниялар борбор азиялык байланыш базарына, гезиттин жазышынча, былтыры кире башташкан. «Буга чейин региондогу дээрлик баардык мамлекеттерде уюлдук телефон кызматы боюнча негизги операторлор мамлекет башчыларынын балдарынын колунда болчу. Мисалы, Кыргызстандагы «Бител» Айдар Акаевке, Өзбекстанда Uzdunrobita Гульнара Каримовага, ал эми Казакстандагы «Кар-Тел» Дарига Назарбаевага карачу. Кийин бул компанияларга орусиялык МТС менен «Вымпелком» ээлик кыла башташты» деп жазат «Московские новости».

Ушул эле темага кайрылган «Бизнес» журнал, «Ведомости» жана «Коммерсант» гезиттери ишкердик чөйрөсүндөгү эксперттердин ойлору менен да тааныштырышты. Серепчилердин айрымдары бул күрөштө МТС жеңет дешсе, дагы бирөөлөрү бул жаңжал дагы көпкө созулаарын айтышты. «Коммерсант» UFG компаниясынын корпоративдик каражат боюнча бөлүмүнүн директору Антон Иншутиндин пикирин келтирет. Иншутин мырза билдиргендей, дайыма МТС бул жолкудай чатакка аралашкан учурда эң алгач ошол аймактын бийликтери менен алаканы күчөтүү аракетин көрө баштайт. Буга мисал катарында ал Түркмөнстанда Barash Telecom жана Украинада UMC компаниялары менен болгон чатактын чечилишин айтты.

Көптөн бери орус гезиттеринде Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жөнүндө маалымат айтылбай калган болчу. Бирок бейшембиде «Московский комсомолец» жаңылык иретинде Аскар Акаев Москва мамлекеттик университетинде лекция окугандыгын жазып чыкты. Ал эми жума күнү Акаевдин доклады жөнүндө кеңири макала басылды. Анда айтылгандай, ишкердиктеги экономикалык жагдайга математиканын негизинде баа берген докладын Акаев ишенимдүү түшүндүрүп берген. «Ал лекцияны эч кандай кагазсыз эле өз сөзү менен ишенимдүү окуп берди» дейт кабарчы Михаил Мошкин. Анан журналист Акаевке «Сиз өзүңүздү президенттиктен кийин кайра илимде кандай сезип жатасыз?» деген суроо узатыптыр. Буга жооп берип, Акаев азыр ал кайра илимге кайтканына өтө кубанычта экенин билдирген жана Москва мамлекеттик университинде илимий ишин улантуу боюнча чоң пландары менен бөлүшкөн.

Жума күнү «Ведомости» басылмасында жарыкка чыккан макала «База беш эсе кымбаттайт» деп аталды. Анда Кыргызстандагы «Ганси» авиабазасы жөнүдө кеп болот жана автор британиялык “Financial Times” ишкердик басылмасына шилтеме жасап, «Кыргыз жетекчилиги Пентагонго базанын иши үчүн ижара акыны азыркы 40 млн.доллардан 200 млн.долларга көтөрүү талабын коет» деп жазды.

Ал эми дүйшөмбүдө «Независимая газета» орус тилинин Кыргызстандагы бүгүнкү абалы жөнүндө көлөмдүү макаласын жарыялады. Автор Виктория Панфилова орус тилинин ырасмий статусунун тарыхына кайрылып, тээ Советтер Союзунан берки өзгөрүүлөргө көз чаптырат. Анан аягында, «Орус тилин кыргызстандыктардын турмушунан алып салуу боюнча кампания ыңкылаптан кийин башталды. Анткени 24-марттан кийин бийликке түштүктүктөр келишти» деп жазды. Анын ишениминде, орус тилин акырындап оюндан чыгаруу аракети негизинен бүгүнкү саясий турмуштагы негизги фигураларды жок кылуу максаты менен байланышы бар. Бул боюнча гезит Эларалык изилдөө программалары корунун вице-президенти Нур Омаровдун пикирине шилтеме жасап, «биринчи кезекте бул премьер-министр Феликс Куловко каршы жасалып жаткан аракет» экендигин билдирди. Гезиттин жазышынча, эгер абал ушул бойдон өзгөрбөй тура берсе, 15-20 жылдан кийин орус тили кыргызстандыктарга жат болуп калышы деле ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG