ОШ. 17-декабрь күнү Оштогу массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болуп өттү. Жыйында жергиликтүү маалымат каражаттарын өнүктүрүүнүн жана журналисттердин кесиптик деңгээлин көтөрүүнүн маселелери талкууга алынып, буга чейин бирикменин аткаруучу директору болуп иштеп келген Эрнис Мамыркановдун иши канаттандырарлык деп табылды. Андан соң аткаруучу директор кызматына талапкер болгон төрт адамдын платформалары угулуп, суроолор берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында буга чейин Баткендеги “Салам” радиосунун жетекчиси болуп иштеп келген Максүда Айтиева 35 добуш менен жергиликтүү маалымат каражаттарын колдоо борборунун аткаруучу директору болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан бирикменин 47 мүчөсү катышты.