Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

ЕВРОБИРИМДИКТИН БЮДЖЕТИ ЖАКТЫРЫЛДЫ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Европа Союзунун 25 мүчөсү 2007-2013-жылдардын бюджетин аныкташты. Көптөн күтүлгөн келишимде биримдиктин жарды келген жаңы 10 мүчөсүнө кошумча каражат каралат.

Жаңы макулдашуу өткөн жайда Евросоюздун орток Конституциясы өтпөй калгандан пайда болгон саясий кризистеги оң жылыш болуп калды. Ишембинин таңында жарыяланган кабар көпчүлүктүн көңүлүндөгүсүн тапкандай болду:

Хозе Барросо Европа Комиссиясынын президенти. Ал мүчө мамлекеттердин макулдашуусун Европа үчүн жакшы жөрөлгө деп баалады. 36 сааттык татаал сүйлөшүүдө Британиялык расмий өкүлдөрү анын үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экендигин эскертишкен эле. Бирок дал Британиянын турумундагы өзгөрүү макулдашууну сактап калууга мүмкүндүк берди. Лондон кошумчасын көбөйткөндөн кийин, жаңы мүчө мамлекеттерге 100 миллиард евродон ашык жардам берилишин бышыктоо мүмкүн болду.

Бул берешен саясатты Германиянын канцлери Ангела Маркел астыртан колдогону айтылууда. Кантсе да жаңы мүчөлөрдүн көбү Германия менен чектеш же жакын жайгашкан. Маркел Британия менен Францияны дыйкандарга чыгымдарды азайтуу боюнча мунасага көндүрө алган.

XS
SM
MD
LG