Россиянын мурунку премьер-министри Михаил Касьяновдун өлкөнүн Демократиялык партиясын жетектөө аракети оңунан чыкпай калды. Демократиялык партия курултай алдында экиге бөлүнүп, анын бир бөлүгү Касьяновдун катышуусу менен, экинчи бөлүгү өзүнчө курултай өткөрдү. 2008-жылдагы президенттик шайлоого катышаарын билдирген Михаил Касьянов делегаттардын азыраак бөлүгү катышкан курултайда сөз сүйлөп, жалпы демократиялык күчтөрдүн келечектеги аракеттери боюнча бир жумадан кийин атайын план сунуштаарын ачыктады.