Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Бейөкмөт уюмдар тууралуу Орусиядагы жаңы мыйзам сынга алынууда.


Орусиянын жаңы түзүлгөн Коомдук палатасы кечээ күнү парламентке кайрылып, бейөкмөт уюмдар тууралуу даярдалган жаңы мыйзамды талкуулоону кийинкиге калтырууну суранды. Мыйзам биринчи окуудан өткөн жана анын экинчи окуусу Мамлекеттик думада 21-декабрда болмок. Мыйзам боюнча, чет өлкөдөн каржылык жардам алган уюмдар Орусияда эч бир саясий аракеттерге катышпаш керек жана бардык бейөкмөт уюмдар Укук министрлигинен кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Эксперттердин айтымында, орус бийлиги бул мыйзамды - Грузия, Украина жана Кыргызстандагыдай элдик ыңкылаптарга жол бербөө үчүн даярдаган.

XS
SM
MD
LG