БИШКЕК. Кыргыз парламенти Борбордук Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы 5063 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “ЮНЕСКО тоо чокусу” деген ат ыйгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Өлкө аймагындагы тарыхый эстеликтерди коргоо, билим, илим жана маданият маселелери боюнча долбоорго ЮНЕСКОнун көмөктөшүүсү менен Жапон өкмөтү Кыргызстанга 742 миң доллардан ашык каражат бөлгөн.