Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Журналистти өлтүрдү деп шектелген офицердин иши сотто


Киевде журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген 3 мурдагы ички иштер офицеринин иши сотто каралууда. Украин өкмөтүндөгү коррупцияны иликтеп жазган журналист Гонгадзе 2000-жылы киши колдуу болуп каза тапкан. Анын өлтүрүлүшү ал кездеги президент Леонид Кучмага каршы демонстрацияларга алып келип, Кучманын жансакчысы президент жана анын иш кеңсе башчысы телефон аркылуу бул ишти талкуулаганын жаздырып алдым деп жарыялаган. Экс-президент Кучма бул айыптоолорду четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG