АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги кечээ күнү жасаган билдирүүгө караганда, Арменияга агенттик тарабынан 230 миллион доллар жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бул каражат - "Миң жылдыктын маселелери" деп аталган корпорациянын аракеттеринин алкагында беш жылга берилет жана анын пландарына ылайык, өлкөнүн жолдору оңдолуп, фермерлерге жардам көрсөтүлөт.