Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

АКШ президенти жашыруун тыңчылык аракеттерин колдоого алды.


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, өтүп бараткан жылдын жыйынтыктарын чыгарды. Анын айтымында, коомчулук тарабынан азыр катуу сынга алынып жаткан жашыруун тыңчылык аракеттери улантылууга тийиш, анткени ага өлкөнүн бүткүл коопсуздугу көз каранды. "Ал-Каида уюму менен байланышкан адамдын биздин өлкөдөгү агенти менен болгон эки мүнөттүк телефон сүйлөшүүсү - миңдеген адамдын ажалына калган аракетке алып келиши мүмкүн. Америкалык жарандардын өмүрүн сакташ үчүн биз тез аракеттенүүгө тийишпиз жана андай телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, чабуулдарды токтотууга милдеттүүбүз", - деди Буш. Андан тышкары, президенттин айтымында, өкмөттүн андай жашыруун аракеттери тууралуу маалыматты журналисттерге ким билдиргени тууралуу да тергөө өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG