Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Жогорку Кеңеште жаңы теле студия ачылды


БИШКЕК. 20-декабрда Жогорку Кеңеште телестудия ачылды. Жаңы теле студияны ачууга Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы «Демократиялык башкаруу» долбоорунун алкагында 55 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлгөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Парламенттин телестудиясы Жогорку Кеңештин маалыматтарын жана эл шайлаган депутаттардын аткарган иштерин калк арасына ачык, айкын жана убагында жеткирүү максатын көздөйт.


Аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 21-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик кар жаашы күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +9...+14 градус жылуу болот.
Ал эми Ысыккөл дубанында түнкүсүн -1...-6 градуска, чыгыш тарабы -7ден...-12 градуска чейин суук болот. Күндүз +2...+7 градус жылуу.
Бийик тоолуу Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус суук.
Ордо калаа Бишкекте ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн -4...-6 градус суук, күндүз +8...+10 градус жылуу.




Кыргызстандагы сонку жанылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.

XS
SM
MD
LG