Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Конституциялык кеңешменин жыйыны өтөт


Бишкек. 21-декабрда өкмөт үйүндө Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны болот. Кеңешме президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда өтөт. Кеңешменин төрага орун басары Айдарбек Керимкулов маалымдагандай, анда элдин талкуусуна сунушталган баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбооруна карата келип түшкөн сунуштар каралат. Конституциялык кеңешменин редакциялык комиссиясынан билдиришкендей, долбоор талкууга коюлгандан бери негизинен мамлекетти башкаруу, сот системасына, президентти шайлоо мөөнөттөрүнө, пропорциоаналдык системадагы парламенттик шайлоо жана башка маселелер боюнча сунуштар түштү.Жыйында ошондой эле өлкөдө конституциялык реформаны жургүзүүнүн мөөнөттөрү жана механизмдери, баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча иштелип чыккан башка долбоорлорго байланыштуу да ой-пикирлер айтылат.

XS
SM
MD
LG