Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

БШК Түндүк шайлоо окуругу боюнча талапкерлердин арызы четке кагылды


БИШКЕК. 20-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы №8Түндүк шайлоо окуругу боюнча парламенттик шайлоого талапкерлигин коюшкан Роза Отунбаеванын, Бакыт Керимбековдун, Рустам Карагуловдун,Талгарбек Момуналиевдин арызын канагаттандырган жок. Жогоруда аты аталган талапкерлер 27-ноябрда өткөрүлгөн Түндүк шайлоо окуругундагы шайлоодо ат салышкан дагы бир талапкер Жаныш Кудайбергеновду шайлоо Кодексин одоно бузуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган, шайлоодо добуш сатып алган жана округдук комиссия шайлоочулардын тизмесин туура эмес түзүп, округдагы 18 шайлоо участкаларын түзүүдө калпыстыктарга жол берилген деп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдошкон. Бул маселе боюнча БШК 7-декабрда жумушчу топ түзүп Түндүк шайлоо округу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Жумушчу топтун башчысы Жеңишбек Акматовдун айтымында, комиссия аталган округ боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, арызда көрсөтүлгөн дооматтар боюнча олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун, айрым шайлоо участокторундагы майда кемчиликтер шайлоого таасирин тийгизбестигин билдирди.

XS
SM
MD
LG