Бишкек. 20-декабрда кыргыз өкмөт мүчөлөрү элдин жана президенттин алдында ант беришти. Ант берүү аземине президент Курманбек Бакиев, парламенттин депутаттары, президенттин администрациясынын жана өкмөт аппаратынын өкүлдөрү катышты. Премьер-министр Феликс Кулов жана башка өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматтарында адилет жана таза иштөөгө, өз элине берилип кызмат кылууга ант беришип, эгерде антын аткарбаса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла тургандыктарын белгилешти. Президент жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалашты. Курманбек Бакиев азыркы өкмөт мүчөлөрүнөн мурдагы өкмөт кетирген кемчиликтерди эске алуу менен иштөөнү өтүндү. Ал эми төрага Өмүрбек Текебаев болсо, жаңы өкмөт мүчөлөрү аларга жүктөлгөн оор жүктү аркалай ала турган өкмөт болооруна ишеничин билдирди.