Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Евробиримдик менен Ирандын өкүлдөрү чечүүчү сүйлөшүүлөрүн баштады


Тегерандын өзөктүк программасына арналган сүйлөшүүлөр Венада өтүп жатат. Евробиримдиктин атынан Британия, Германия, Франция Иранды уранды байытуу программасынан баш тартууга ынандыруу аракетин көрүүдө. Бирок Тегеран бул жараянды токтотпосун бүгүн да ачыктады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Мотакинин айтымында, Иран өз аймагында уранды байытуу укугу бар экенин сүйлөшүүлөрдө талап кылмакчы. Байытылган уран өзөктүк отун ирээтинде, ошондой эле өзөктүк курал жасоодо да колдонулат. АКШнын Тегерандын өзөктүк прогрммасы өзөктүк курал жасоого багытталган деген айыптоосун Иран четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG